super.kg logo

Билим берүү министрлиги окуучулар үй шартында билим алып жаткан сүрөт тууралуу үн катты

 

Баткен райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка ылайык, социалдык тармактарга жарыяланган окуучулардын үй шартында билим алып жаткан сүрөтү райондун борборунан 50 чакырым алыс жайгашкан чек ара аймагындагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими тарабынан тартылган.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуучулар менен кайтарым байланыш учурунда ата-энелер тарабынан түшүнбөстүк жаралып, алар мугалимге көмөктөшүүнү суранып кайрылышкандыктан мугалим 2-сентябрь күнү окуучуларды үйүнө чакырып, кайтарым байланыш каражаттарын практика түрүндө көрсөтүп берген.

"Сабак убагында мугалим окуучуларды социалдык аралыкты сактоо менен отургузуп, ар бирин маска менен гана киргизген. Сабак 15 мүнөткө созулган жана андан бери педагог кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетиндеги балдарга билим берүүгө болгон каалоосун, өз кесибин сүйгөндүгүн, окуучуларына кайтарым байланышты түшүндүрүүгө болгон далалатын, окуучулардын билим алууга болгон ынтызарлыгын, дилгирлигин баалайт.

Бирок бүгүнкү шартта, пандемия мезгилинде өлкө боюнча бирдей талап болуп жаткандыгын мугалимге түшүндүрүп, ага кайтарым байланышты уюштуруу үчүн демөөрчүлөр аркылуу ноутбук алып бере турган болду. Бүгүн, 8-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ошол мугалим менен байланышып, ага усулдук, техникалык, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүлө тургандыгын айтты", - деп билдиришти аталган мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.09.2020. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыраазычылык үчүн издегениңер жакшы жыйынтык бериптир!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: