Нарында жугуштуу оорулар үчүн оорукананын 30 пайызы бүткөрүлдү



Нарында жугуштуу оорулар үчүн мамлекет тарабынан курулуп жаткан 70 орундуу бейтапкананын курулуш иши улантылууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ага ылайык, бүгүнкү күндө жумуштун 30 пайызы бүткөрүлдү. Тактап айтканда, пайдубалы толугу менен түптөлүп, казылган аянттар кайрадан толтурулуп, дубалынын түркүктөрү орнотулду. Курулушта 50 жумушчу иштеп жатат. Жергиликтүү бийлик тарабынан бардык маселелер боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп, атайын жумушчу топ жана көзөмөлдөөчү органдар иш алып барууда.
Буюрса, жакын арада узуну 73, туурасы 28 метрди түзгөн 1 кабаттуу имарат Нарындын аба ырайын, климаттык шартын эске алуу менен жеңил конструкцияда курулмакчы.
Учурда президенттин тапшырмасына ылайык өлкөнүн бардык дубандарында жугуштуу оорулар үчүн ооруканаларды куруу, эскилерин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иш-аракеттери жүрүп жатат.
Нарын шаарында капиталдык оңдоп-түзөөгө ылайыктуу имарат болбогондуктан республикалык штабдын чечими менен жаңы имаратты куруу иши башталган.


1 |