Маданият министри Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кино актёр Акылбек Абдыкалыковдон кабар алды







Бүгүн, 8-сентябрь күнү маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү актёр жана театр режиссёру Акылбек Абдыкалыковдон кабар алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн материалдык жардамды тапшырган. Эл артисти Акылбек Абдыкалыков учурда Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасында дарыланып жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин кино актёр жүрөгүнөн үч жолу операция болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Nur777

09.09.2020. 00:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жараткан шыпаасын берип,тез сакайып кетсин.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.