super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду дүйнөдө улуттук курама үчүн 100 гол жараткан экинчи футболчу болду

 

Бүгүн, 9-сентябрга караган түнү Улуттар Лигасынын алкагында Швеция курамасы өз үйүндө Португалия курамасын кабыл алды. Оюн 0:2 эсебинде жыйынтыкталып, 2 голду тең атактуу футболчу Криштиану Роналду жаратты.

Муну менен Роналду футбол тарыхында улуттук курама үчүн 100 гол жараткан экинчи футболчу болду. Бул көрсөткүчтө лидерликти ирандык футболчу Али Даеи сактап турат. 2007-жылы карьерасын жыйынтыктаган ирандык футболчу улуттук курамасы үчүн 109 гол (Роналдуда 101) киргизген.

Криштиану Роналду Португалия курамасында алгачкы жолу 2003-жылы оюн талаасына чыккан. 17 жыл аралыгында командада 165 оюн өткөрүп, Европа чемпиондугунда коло, күмүш жана алтын медаль уткан. Ошондой эле улуттук курама команда менен катар ал өткөн сезондо Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.09.2020. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Али Даеинин дагы 109 голунан ашып ототко деймин бул кетиште
09.09.2020. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ашат, буюрса.
09.09.2020. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Али Даеи деген ким Роналду ким.
Рон дуйнолук футболчу.
Биздин айылда эсен байке да бизидн айыл учун 960 топ киргизген. Чыгарып койгулачы админ. Биздин айылдын да улуттук курамы бар да
09.09.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
okumushtuu, Саламатсызбы? кечиресиз бул жерде улуттук курама жөнүндө сөз болуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: