Маалыматка ылайык, министрлик вакцина сапаты боюнча бардык зарыл лабораториялык сыноолордон өткөрүлгөнүн айткан. Жакында анын алгачкы партиясы аймактарга жеткирилмекчи.
Ал эми Орусияда коронавируска каршы жапырт эмдөө иштерин быйыл октябрда баштоо пландалууда. Бүгүнкү күндө вакцина каттоодон кийинки сыноолордон өткөрүлүп жатат.
Белгилей кетсек, COVID-19га каршы эң алгачкы орусиялык вакцина каттоодон өтүп, «Спутник V» деген аталышка ээ болгонун президент Владимир Путин 11-августта билдирген. Вакцина 15-августтан тартып Николай Гамалея атындагы илимий борбордо жана "Биннофарм" компаниясында өндүрүлө баштаган.

Супер-Инфо
super.kg видео


Орусиянын "Спутник V" деген аталышка ээ болгон коронавируска каршы вакцинасынын алгачкы партиясы жарандык колдонууга чыгарылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.















