Шайлоого даярдануу мезгилинде жарыяланган айрым макалалар боюнча сотко чейинки иш каралууда
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу мезгилинде 21 жарыя-макала изилденип, ички иштер органдарынын кароосуна жиберилген. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Республика боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпы 22 материал катталып, анын ичинен 21 жарыя-макала боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык караштуулугу боюнча ички иштер органдары тарабынан каралууда.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына жүргүзүлүп жаткан мониторинг көрсөткөндөй, көпчүлүк учурда шайлоо документтерин бурмалоого (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 195-беренеси), административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу (Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 87-1-беренеси), шайлоочуларды сатып алуу (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси), ошондой эле шайлоочунун акчалай каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды алуусу (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 42-3-беренеси) жөнүндө мыйзам бузуулар көрсөтүлүүдө.
Башкы прокуратура шайлоо процессинин катышуучуларына, прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө максатында жана мыйзам бузууларга жол бергендерди мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрө тургандыгын маалымдайт", - деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратура шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын, шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн уюмдардын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жоктор үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга, жайылтууга укугу жок экендигин маалымдайт.
Шайлоо алдындагы үгүттөө кампаниясында төмөнкүлөргө: улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды басмырлоого, кастыкка чакырган үгүттөө же бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга багытталган чакырыктарга тыюу салынган.
