super.kg logo

Forbes” журналы атактуу мушкер Конор Макгрегордун жылдык кирешесин жарыялады

 

UFC уюмунун мушкери Конор Макгрегор "Forbes" журналынын тандоосу боюнча, 2020-жылдагы дүйнөнүн эң бай 100 таанымал адамдын катарына кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, мушкер 2020-жылы 48 миллион доллар иштеп таап, бай адамдардын тизмесинде 53-сапка жайгашты. Бул каражаттын 30 миллион долларын ал Дональд Серроне менен болгон беттеште алган.

Мушкердин кирешесинин дагы бир бөлүгү "Reebok" фирмасынын демөөрчүлүк келишиминен түшөт. Спорт кийимдерин чыгаруучу бул фирма Конорго жылына беш миллион доллар төлөп турат. Мындан сырткары Макгрегорго анын виски чыгаруучу жеке бренди киреше алып келет.

Конор Макгрегор жалпы 26 беттешке катышып, анын 22синде жеңүүчү аталса (19у нокаут менен), 4 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал UFC уюмунун жеңил жана орто жеңил салмак ченинде чемпион болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: