Сутка ичинде 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды
Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 1 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Ал Жалал-Абад облусунда иштейт. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде айтты.
Ал эми бир суткада ооруканалардан 4 медкызматкер жана үй карантининен 12 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3159 учур катталды, алардын ичинен 2616 медкызматкер айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.