super.kg logo

Египетте 2500 жылдан бери адам колу тийбей сакталып турган 13 саркофаг табылды

 

Египеттин Саккара аймагында 2500 жылдан бери сакталып турган уникалдуу мумия салынган 13 саркофаг табылды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, 2500 жылдан бери сакталып турган табылга жер катмарынан 11 метр тереңдиктеги көрүстөн шахтасынан табылган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, көрүстөн саркофаг салынгандан кийин дароо эле бекитилген. Ошол бойдон бүгүнкү күнгө чейин адамдын колу тийген эмес. Ага далил катары саркофагдын үстүнө түшүрүлгөн боёктун айрым тактары да ошол бойдон турган.

Археологдордун айтымында, мындай саркофагдар дагы болушу мүмкүн. Учурда аларды издөө жана көрүстөнгө коюлган адамдардын өздүгүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Египеттин аль-Асасиф көрүстөнүнөн фараондордун 22-династиясынын башкаруусуна таандык болгон мумия салынган 30 түстүү саркофаг табылгандыгы жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: