super.kg logo

Өлкөдөгү 2 аэропортто жана темир жол бекеттеринде товарларды эсепке алуу функциясы иштей баштайт

 

Өкмөттүн 2020-жылдын 21-августундагы токтомуна ылайык, 2 эл аралык аэропортто жана 4 темир жол бекетинде Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында товарларды эсепке алуу боюнча пункттар иштеп баштайт. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, товарларды эсепке алуу пункттары "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда, "Кара-Балта" (Жайыл району), "Аламүдүн" (Аламүдүн району), "Кара-Суу” (Кара-Суу району), "Бишкек-1" (Бишкек шаары) темир жол бекеттеринде ачылат.

Ушуга байланыштуу темир жол же аба транспорттору менен товарларды ташып келүүчү импорттоочулар ташып келинген жүктөрүнө болгон документтерин андан ары салык төлөө үчүн товарларды эсепке алуу пунктунан эсепке коюуга милдеттүү болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: