Кубатбек Боронов: "Аймактарда дарыгерлерди кайрадан даярдоо ишин күчтөндүрүү зарыл"
Медициналык адистерди COVID-19 дартынын алдын алуу, аны дарылоо жана реабилитациялоого тийиштүү окутууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул туурасында республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.
Жалпысынан тийиштүү курстардан 19 миңден ашуун медициналык кызматкер өткөн. Алардын арасында вирусологдор, инфекционисттер, реаниматологдор, терапевттер, пульмонологдор, лабораториялык жана башка адистер бар.
Премьер-министр Кубатбек Боронов медиктерди окутуу жана кайрадан даярдоо процессин улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Өлкөнүн аймактарында дарыгерлерди кайрадан даярдоо ишин күчтөндүрүү зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген протоколдоруна ылайык, ооруну дарылоо ыкмасы ар бир дарыгер, өзгөчө республиканын алыскы райондорундагы дарыгерлер үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү болуусу керек. Акыркы төртүнчү дарылоо протоколу өзүнө реабилитациялоо чараларын да камтыйт. Коронавирустан жабыркаган калкты реабилитациялоо маселесине чоң көңүл буруу зарыл", - деп адистерди сапаттуу окутуудан өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
Өкмөт башчы ошондой эле медкызматкерлерди, коронавирустук инфекцияга чалдыккан жактарды жана кызматтык милдетин аткарууда каза тапкан медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүн бардык тийиштүү төлөмдөр жана компенсациялар менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары ал тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
