super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Европа комиссиясынын төрагасы менен жолугушту

 

17-сентябрда Европа союзуна жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозуменен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Европа комиссиясынын ортосундагы мамилелерди  мындан ары өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. “Азыркы жолугушуу биздин өз ара мамилелерди чыңдайт. Кыргызстан -  Евросоюз үчүн Борбордук Азиядагы абдан маанилүү стратегиялык өнөктөш. Евросоюз экономикалык жана башка реформаларды жүргүзүү, көп партиялуу системди куруу боюнча Кыргызстандын  тандоосун жогору баалайт. Демократия орнотуу үзгүлтүксүз процесс. Мамлекетте мыйзамдын үстөмдүгү орнотулууга тийиш”,- деди Европа комиссиясынын төрагасы.

 

Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев  Европа комиссиясынын  төрагасын Кыргызстанда  мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо боюнча жаңы долбоорду ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Мамлекет башчысы Жозе Мануэль Баррозуну Кыргызстанга ыңгайлуу учурда келип кетүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: