super.kg logo

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка Ош шаарына жаңы мектеп салынды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Нариман орто мектебинин кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров мектептин курулуш иштери коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн бирдиктүү депозиттик эсептен каржыланып жатканын маалымдады.

"500 окуучуга ылайыкташкан үч кабаттуу окуу корпусунда 24 окуу кабинети, ашкана, медициналык бөлмө, мугалимдер бөлмөсү, китепкана жана окуу залы бар. Бүгүнкү күндө негизги курулуш иштери бүткөрүлгөн. Мекемени 2020-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берүү пландаштырылган", - деп билдирди.

Президент жергиликтүү тургундар менен баарлашууда жаңы мектептердин, окуу корпустарынын курулушу боюнча долбоор мектептердеги класстардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөрүн белгиледи. Бул көйгөй айрыкча Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле ички миграциянын негизги агымы болуп жаткан Чүй облусунда курч турат. Жыйынтыгында бир катар мектептерде балдар үч нөөмөт менен окуп, ар бир класста 50гө чейин бала отуруп, бир партада төрттөн бала окуп, окуучулар батпай келет.

Мамлекет башчы кошумчалагандай, көп каражат коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалган. Бирок ага карабастан, маанилүү болгон долбоорлорду, анын ичинде жаңы мектептерди курууну жана авариялык мектептерди оңдоп-түзөөнү каржылоо эч нерсеге карабастан улантылат.

Сооронбай Жээнбеков пандемия менен күрөш көп күчтү жана убакытты талап кылганын, ал болбогондо мамлекет тарабынан социалдык объектилерди курууга жана оңдоп-түзөөгө, анын ичинде мектептерди курууга мындан да көбүрөөк көңүл бурулмактыгын белгиледи.

Жергиликтүү тургундар мамлекет башчыга аймактардагы мектептердин курулушу менен оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Эске салсак, 2018-жылы июнь айында экономикалык жана кызматтык кылмыштар тууралуу кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндарды кайра кайтаруудан түшкөн акча каражаттарын каттоого алуу жана багыттоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Өкмөттүн 2019-жылдын 14-июнундагы буйругу менен бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектепти жана Ош жана Бишкек шаарларындагы, Чүй облусундагы жалпы билим берүүчү мектептердин кошумча корпустарын курууга 800 миллион сом бөлүнгөн.

Жалпы жонунан Бирдиктүү депозиттик эсептин каражатына 15 мектеп куруу пландаштырылган.

Чүй облусу боюнча 7 мектеп жана 2 миң 700 окуучуга мектептерге кошумча корпустар, Бишкек шаарында 1 миң 809 окуучуга мектептерге 7 кошумча корпус, Ош шаарында 500 окуучуга 1 мектепке кошумча корпус, жалпы 5 миң 9 орунга ылайыкташкан корпустар салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: