super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президентин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмонду жана тажикстандыктарды Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

"Көз карандысыздыкка ээ болгон күндөн тартып, Тажикстан сиздин акылман жетекчилигиңиз астында социалдык-экономикалык багытта олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Биздин кыргыз-тажик мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган күч-аракеттерибиз эки мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейишине олуттуу түрткү берет деген ишенимдемин.

Боордош элдерибиздин бактылуу келечеги жана тынчтыкта жашоосу үчүн коюлган максаттарга жетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алабыз деп ишеним артам", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго бекем ден соолук, бакыт, ишине ийгилик, ал эми боордош тажик элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: