"Байлык колдун кири". Илон Маск сутка ичинде 16 миллиарддан ашуун долларынан кол жууду
Америкалык ишкер, "Tesla" жана "Space X" компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск сутка ичинде 16 миллиард 300 миллион долларынан кол жууду. Муну менен ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 6-катардан орун алгандыгын дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, Илон Маск өткөн сутка ичинде 16 миллиард 300 миллион доллар чыгымга учурап, дүйнөдөгү бай адамдардын рейтингинде бир күндө эң көп чыгымга учураган ишкер болуп калды.
Анын мындай чоң чыгымга учураганынын негизи себеби "Tesla'нын" акцияларынын баасы аз убакыттын ичинде төмөндөп кеткендиги.
Азыркы учурда америкалык миллиардердин байлыгы 82 миллиард 300 миллион долларды түзүп, бай адамдардын рейтингинде 6-саптан орун алды.
Буга чейин Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде төрттүккө киргени кабарланган.




1 |