Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Иннокентий Иннокентьев биринчи атаандашын утту
18-сентябрь күнү Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Иннокентий Иннокентьев биринчи атаандашын жеңди. Ал (74 килограмм салмакта) словакиялык Дан Палинкаска каршы күрөшүп, мөөнөтүнөн мурда 8:0 эсебинде жеңишке жетти. Эми Иннокентьев 1/16 финалда кубалык Бланко Морага каршы күрөшөт. Эске салсак, Иннокентьев кыргызстандык эркин күрөш балбандарынын ичинен акыркы болуп килем үстүнө чыгууда. Буга чейин күрөшкөн Алтынбек Алымбаев, Алексей Крупняков, Улукман Маматов, Базар Базаргуруев жана Айаал Лазаревдер медаль утушкан жок. Ал эми бүгүн, 19-сентябрда эркин күрөш боюнча кыздар арасында Айсулуу Тыныбекова (59 килограмм салмакта) килем үстүнө чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
tynar92kg

19.09.2013. 09:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик силерге
sambo

19.09.2013. 09:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым ийгилик берип Кыргызстан капчагына медаль алып келишинерге тилектешмин.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.