super.kg logo

Президент Ош шаардык сотунун мисалында сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда Ош шаардык сотунун мисалында сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана Ош шаардык сотунун төрагасы Кадырбек Матисаков сот реформасын ишке ашыруунун жүрүшү жана аталган соттун ишмердигине санариптештирүүнү киргизүү жөнүндө маалымат беришти.

Учурда Ош шаардык сотунун сот жыйындары өтө турган эки залында аудио жана видео жазуу системасы орнотулганы белгиленди.

Ага сот залдарынан видеоконференц байланыш, аудио жана видео трансляция, аларды жазуу, борборлоштуруп сактоо жана соттук жазууларды башкаруу системасы кирет.

Мындан сырткары, Ош шаардык сотунда автоматташтырылган маалымат системасы орнотулуп, толук кандуу иштеп жатат. Мында ар бир иш жана ар бир материал бул программа аркылуу автоматтык түрдө катталат жана судьялардын ортосунда текши бөлүштүрүлөт.

Ошондой эле ыкчам жана оңой издөө үчүн архивдик маалыматтарды санарипке өткөрүү милдети турат.

Президент Сооронбай Жээнбеков соттун ишмердигин санариптештирүүнүн жүрүшүн көрүп, аудио жана видео жазуу системасы менен тыкыр таанышты.

Мамлекет башчысы судьялар жана сот кызматкерлери менен баарлашып, санариптештирүү коррупцияны жеңүүдөгү негизги фактор болуп саналарын, андыктан сот системасына санариптештирүүнү киргизүү биринчи кезектеги маселе болуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү сот реформасынын негизги бөлүгү болуп саналарын, соттордун ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгын жогорулатууга, адилеттүү сот өндүрүшүн камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: