super.kg logo

Шайлоо-2020: "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жарышка катышуу маселесине акыркы чечимди Жогорку Сот коюшу мүмкүн

 

БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко даттана алат. Бул мамлекеттик органдын конституциялык укугу. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров SUPER.KG порталына билдирди.

“Кечээ биринчи инстанция "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын пайдасына чечим чыгарды жана аны аткаруу милдеттүү. Бирок БШК апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрыла алат. Жогорку Сот административдик соттун чечимин жокко чыгара алат же колдой алат. Азыркы тапта биз сотко кайрылуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Бул боюнча жакынкы арада белгилүү болот", - деди Тынчтык Шайназаров.

Айтымында, эгер БШК сотко кайрыла турган болсо, кандай болгон күндө дагы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жарышка катышуусу боюнча акыркы чечим Жогорку Сотто калат.

Эске сала кетсек, 3-сентябрда БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоого каршы добуш беришкен.

Мурунку акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу саясий партиянын лидери Адахан Мадумаров тизмедеги тартипти бузду деген негизде БШК партияны каттоодон баш тартуусу керектигин талап кылган.

Кечээ, 9-сентябрда Бишкектин административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын арызын канааттандырып, БШКнын каттоодон баш тартуу чечимин жараксыз деп тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
10.09.2020. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бирдемени коргону калды ушул бийлик
10.09.2020. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Адахандын колунан эч нерсе келбейт. Тилинин учу менен адамдардын башын айлантмай. Хитрый адам.
10.09.2020. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
sultan_bek,Сенин башынды башка партиялар акча менен айлантып салыптыр.Молдого корун.
10.09.2020. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жогорку сотко өтсө,точно митингке барабыз Бишкеке! Тойгузду бүт тосо берип! Бийлик эсиңе кел! Шайлоо таза өтсүн деп сайрап атат! Бирок эч ким тоготпойт бийликти! Акча таратып атат уже! Тажадык ушундай адилетсиз жашоодон!
10.09.2020. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шайназаров өзү прокурор болуп жүргөндө коррупциянын ана башы болчу эми сүйлөсө мындан өткөн таза адам жоктой сезилет.
10.09.2020. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шайлоо тынч отсун десениздер "Бутун Кыргызстан"партиясын тынч койгула
10.09.2020. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шайназаровду эмне учун БШК га мучо кылып тыга койгону да белгилуу болду.Ал бийликтин адамы и болушунча Адаханга бут тосот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: