Шаардык мэрияга Бишкек аттуу бала конок болуп кетти



Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек шаардык мэрияга эң маанилүү конок келди. Калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана мэриянын аппарат жетекчиси Адилет Малдыбаев Бишкек аттуу баланы кабыл алышты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жакында Медет Тюлегенов аттуу шаар тургуну социалдык тармактарга кичинекей, кызыл жүздүү Бишкек аттуу баланын сүрөтүн жүктөп, Кажы-Сайда жашай турганын белгилеген.
"Биз баланы таап, аны менен тааныштык. Сегиз жашар Бишкек Табылдиев Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кажы-Сай айылында жашайт. Ал үй-бүлөдө эң кичүүсү, өзүнөн улуу төрт байкеси жана эжеси бар. Апасы Чынардын айтуусу боюнча, баланын атын чоң атасы Бишкек баатырдын урматына койгон.
Бишкек бизге экинчи класстын окуучусу экенин жана билим алуу онлайн режиминде өткөрүлүп жаткандыгын айтып берди. Бишкекке жаңы форматта окуу жеңил болуусу үчүн шаардык мэрия телевизор жана смартфон белек кылды", - деп билдиришти мэриядан.


1 |