Чүйдө көрүстөнгө бара турган жол оңдолду




Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Орто-Кайырма айылындагы мүрзөгө бара турган жол түздөлүп, 46 унаа шагыл төшөлдү. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, аталган айылдын имамы Сагынбек Кудайбергеновдун демилгеси менен көрүстөнгө бара турган жол оңдолуп, ага сарпталган каражатты Орто-Кайырма жана Эркин-Сай айылынын тургундары берип, жолду түздөөдө кол кабыш кылышты.
"Канчалык өмүр сүрбөйлү бара турган жерибиз жалпыбыздыкы бир эле. Кандай кызмат кылбайлы, кандай байлык-бийликке ээ болбойлу, ичээр суубуз бүткөндө 2 метр жердин кучагына барабыз. Мүрзөнү зыярат кылып, маркумдарды эстеп куран окуп туруу да ибадат. Ушул жолду түздөөдө салым кошкондорго Кудай алардын кабырларын жарык кылсын", - деген Панфилов районунун имамы Жумабек Дуванаев
Жалпысынан жергиликтүү тургундардан 23 миң сомдон ашуун каражат топтолуп, узундугу 1 миң 200 метр жол түздөлдү.
