Өлкөдө кайсы тармактын адистери көп маяна алат? (статистика)

Улуттук статистика комитети Кыргыз өлкөсүндөгү ар кайсы тармактын кызматкерлери канча маяна аларына саресеп салышкан. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына жайгаштырылды.
Анда республикада айрым тармактагы кызматкерлердин айлыгы 9 миң 800 сомдон 36 миң сомго чейинки өлчөмдү түзөрү айтылган. Ага ылайык, эң эле жогору орточо айлык акысы финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагынын кызматкерлеринде аныкталган.
- Камсыздандыруу тармагындагылар - 36 миң 28 сом;
- Маалымат жана байланыш тармагында - 35 миң 133 сом;
- Пайдалуу кен казуу тармагында - 35 миң 5 сом;
- Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагынын кызматкерлери – 9 миң 829 сом;
- Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан камсыздоодо – 10 миң 750 сом;
- Билим берүү тармагында – 14 миң 509 сом;
Акыркы үч тармактагы адистердин маянасы республикалык орточо айлык акынын деңгээлинин төмөн орунду ээлери белгиленген.
"Көрүнүп тургандай, ишмердиктин түрлөрү боюнча орточо акы бирдей эмес. Мисалы, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагындагы акынын өлчөмү башка экономикалык ишмердиктин түрлөрүнө караганда кыйла аз. Мындай абал социалдык чөйрөдө иштеген кызматкерлердин көбү мамлекеттин каржылоосунда болуп, айлык акысы дагы мамлекеттин бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө көз каранды болот", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары Улуттук статистикалык комитет калктын 76 пайызы үчүн негизги киреше бөлүгү айыл чарба тармагы жана ишкерчилик болуп келерин кошумчалаган.
кошулду





1 |