super.kg logo

Укук коргоочулар Олимпиада комитетин кышкы Олимпиаданы Кытайда өткөрбөөгө чакырды

 

Бир катар укук коргоочу уюмдар Эл аралык Олимпиада комитетин 2022-жылы кышкы Олимпиаданы Кытайда өткөрбөөгө чакырышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ага ылайык, укук коргоочулар Кытайдагы оюндар бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы начарлаган сайын Олимпиада кыймылына залакасын тийгизерин айтышкан.

"Укук коргоочулар бул боюнча Олимпиада комитетине кат жөнөткөн. Кытай бийлиги 160тан көп уюм кол койгон кайрылуу катынын авторлорун “спортту саясатташтырып” жатышканы үчүн айыптады. Авторлордун катарында кытайлардын, улуттук азчылыктардын, уйгурлардын, тибеттиктердин жана монголдордун укуктарын коргогон уюмдар да бар.

Эл аралык Олимпиада комитети кат боюнча азырынча комментарий бере элек. Буга чейин Associated Press агенттигинин уйгурлардын укуктары боюнча суроосуна жооп берип жатып, уюм оюндарды кабыл алчу өлкөнү тандоо менен ал жактагы саясий структураны, социалдык окуяларды же адам укуктары жаатындагы стандарттарды колдобой турганын айтып жооп берген" , - деп жазылат маалыматта.

2022-жылы өтө турган кышкы Олимпада оюндары коңшу Кытайдын Пекин шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: