super.kg logo

АКШнын 3 штатын жүзгө жакын ири өрт каптады

 

АКШнын Орегон, Калифорния жана Вашингтон штаттары бери дегенде 96 ири табигый өрттүн астында калды. Алардын жалпы аянты 1 миллион 4 миң гектарга жакын. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Орегондо өрттөн улам асман кызарып кеткен. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, ушул кезге чейин штатта мындай ири көлөмдөгү жаратылыш кырсыгы болгон эмес.

"Он миңдеген адамдар коопсуз жайга көчүп кетүүгө аргасыз болду. Өрттүн кесепети көптөгөн жоготууларга алып келиши мүмкүн. Өрт ысык аба ырайынан улам келип чыккан. Ысык, кургак аба ырайы жана катуу шамал алардын жайылышына себеп болууда", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Калифорнияда өрт астында калган аймак 930 миң гектардан ашты. Бул мамлекеттин тарыхындагы эң ири көрсөткүч. Буга чейинки антирекорд 2018-жылы белгиленип, анда 793 миң гектардан ашык аянт өрттөнүп кеткен.

Штаттагы өрттөрдүн кесепетинен миңдеген үйлөр жана имараттар кыйраган. Канча адам жабыр тартканы жана каза болгону тууралуу маалыматтар учурда такталып жатат.

Учурда өлкөнүн батыш жээгин толугу менен түтүн каптады. Айрым жайларда жердин температурасы 191 градуска чейин жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.09.2020. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым тилсиз жоодон сактасын .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: