Tik Tok август айына карата дүйнөдө эң көп жүктөлгөн тиркеме деп табылды
Август айында Tik Tok тиркемесин дүйнө жүзү боюнча 63 миллиондон ашуун колдонуучу жүктөгөн. Бул тууралуу Sensor Tower аналитикалык кызматына таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган тиркеме негизинен Бразилияда жана Индонезияда көп жүктөлгөн.
"Tik Tok тиркемеси жүктөөлөр боюнча App Store жана Google Play дүкөндөрүндө биринчи орунга чыкты. Экинчи орунду ар кандай платформалардагы дүкөндөр ээледи. Apple колдонуучулары көбүрөөк ZOOM видео тиркемелерин жүктөп алышса, Android колдонуучулары Snack Video тиркемелерин жүктөшкөн", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Facebook, Instagram жана WhatsApp социалдык тармактары дүйнөдөгү эң көп жүктөлгөн тиркемелердин катарына кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.