super.kg logo

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо алдындагы программасындагы маданият тармагындагы системасы

 

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасында маданият тармагы унутта калган жок. “Мекеним Кыргызстан” партиясы маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо зарылдыгына көңүл бурду.

Маданият – жан дүйнө азыгы. Маданият менен искусство бюджеттик саясатта приоритеттүү багыттардын катарында турууга тийиш. Аларды эң акырында калган-каткан акча менен финансылоону токтотуу керек. Маданият жана искусство, алардын деңгээли адам капиталынын сапатына түздөн-түз таасир этет жана экономикалык-социалдык өнүгүү үчүн таасирдүү ресурс болуп саналат.

Биздин сунуш:

– Маданият жана искусство тармагында айлык акыларды жогорулатууну камсыздоо;

– Иштебей жабылып калган маданият үйлөрү менен китепканалардын имараттарын жаңы маданий жайларга айлантуу боюнча программа иштеп чыгуу;

– Меценаттыкты коомдогу жаңы салт катары жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колго алуу;

– Архив, китепкана жана музейдеги материалдардын фото, аудио, видеофонддорунан бирдиктүү электрондук фонд түзүп, бирдиктүү маалымат системасы аркылуу маданий мурастардын абалын жана пайдаланылышын көзөмөлдөө. Каалоочулардын аларды онлайн форматта көрүүсүн камсыздоо;

– Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын – Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу.

"Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: