ЭЛДИК ВИДЕО: "Мигрант болуп жүрүп аялымды, баламды жоготтум. Суранам, добушуңарды сатпагылачы!". Орусиядагы кыргыз мигранттын ыйы
Социалдык тармактарда Москва шаарында иштеген кыргыз жигити алдыдагы келе жаткан шайлоодо добуш сатпоону өтүнүп көзүнө жаш алган видео тарады.
"2006-жылдан бери мигрант болуп жүрөм. Мигрант болуп жүрүп аялымдан, үчүнчү баламдан ажырадым. Биз дагы өз жерибизде иштегибиз келет. Шайлоодо алган акчаңар эч нерсени чечпейт. Суранам сиздерден добушуңуздарды сатпаңыздарчы. Ар кимибиз өзүбүздү тыйып, жүрөгүбүздөн чыкканды шайлайлы. Суранам сиздерден", - деп көзүнө жаш алган кыргыз жигити.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт.
Орусияда мигрант болуп жүргөн кыргыз жигити шайлоодо добуш сатпоону өтүнүп көзүнө жаш алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
4

Бул бала да чын журогунон ыйлап айтып жатат Азамат голос сатылбасын!!
Бирок менде суроо бар?
Мен кимди шайлашым керек, албетте мен сатылбайм и сатбайм, сат дегендерге угутобойм, биз кимди шайлашыбыз керек? Жаштар таза иштеген ким бар? Ошончо партия бар экен кимди добушумду сатбай шайлашым керек? Мага жооп кылып койгулачы? Таза иштейт ушуну шайла деп Ким кенеш берет?
Бизде баардык партияда эле Акаев Бакиев кезинен эле иштеп келе жаткандар бар экенго?
Болг