super.kg logo

Мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү максатында вебинарлар сериясы башталды

 

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) кызматкерлери республиканын орто мектептеринин мугалимдерине усулдук колдоо көрсөтүү максатында вебинарлар сериясын баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришет.

КББАнын вице-президенти Уланбек Мамбетакуновдун айтымында, академиянын кызматкерлери бир нече жолу окутуунун жаңы методикалары, мектеп предметтерин окутуудагы жаңылыктар, предметтик стандарттардын негизги талаптары менен таанышуу, компетенттүүлүккө негизделген ыкманы ишке ашыруу жана окуучуларга аралыктан окутууну үйрөтүүдө актуалдуу болгон көптөгөн темалар боюнча вебинарларды өткөрүүдө.

Вебинарлардын темалары жана катышууга шилтемелер:

10-сентябрь, 14:00

Тема: "Манас таануу" курсун окутууда электрондук окуу материалдарын колдонуу

Спикерлер: С.Байгазиев, З.Мурзалиева.

Вебинардын шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/81626473771

10-сентябрь, 15:00

Тема: Санарип мугалимди методикалык жактан колдоо

Спикер: Ч.Аттокурова.

Вебинардын шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/83476318089

11-сентябрь, 14:00

Тема: Методикадагы жаңылыктар (Көркөм өнөр, Технология)

Спикер: Д.Акматов.

Вебинардын шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/89871329467

11-сентябрь, 15:00

Тема: Физика предметинде дистанциялык окутуунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар

Спикер: Б.Мурзаибраимов.

Вебинардын шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/86896099257

14-сентябрь, 14:00

Тема: Биология предметинде дистанциялык окутуунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар

Спикерлер: М.Сатыбекова, Ж.Момункулова, Ф.Дооронова.

Вебинардын шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/83661793902

14-сентябрь, 15:00

Тема: Химия предметинде дистанциялык окутуунун көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча мугалимдерге методикалык сунуштар

Спикер: Б.Рысбаев, Б.Алишеров.

Вебинардын шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/87946966356

15-сентябрь, 14:00

Тема: Билим берүүдөгү компетенттүүлүк ыкма

Спикер: К.Добаев, Г.Жумабаев.

Вебинардын шилтемеси: https://us02web.zoom.us/j/85040498011






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: