super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сергей Лавров менен жолугушту. Сүйлөшүү эмне жөнүндө болду?

 

9-сентябрь күнү Москва шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айдарбеков коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө дары-дармектер түрүндө Кыргыз Республикасына ар тараптуу жардам көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө коронавирустун жайылышына каршы баа жеткис салым кошкон орусиялык дарыгерлердин салымы үчүн Орусия тарапка ыраазычылыгын билдирген.

"Эки өлкөнүн тышкы иштер органдарынын жетекчилери кызматташуунун эң маанилүү багыттарын, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын жарандары, айрыкча Орусиянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттер үчүн өлкө аймагына кирүүгө уруксат берүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары аймактык жана эл аралык саясат боюнча пикир алмашуу болду", - деп билдиришти аталган мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: