Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 11-сентябрга карата аба ырайы
Эртең, 11-сентябрда Кыргыз өлкөсүндө түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+12, күндүз +28…+30;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +28…+30 градус болот.
