Бишкекте жашы жете электерге карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү
7-9-сентябрь күндөрү “Салам, мектеп!” аттуу профилактикалык иш-чарасы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана Ленин райондук акимчилигинин социалдык өнүгүү бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул иш-чаранын максаты - жашы жете элек балдарды иштетпөө жана окубаган балдардын билим алуусуна кенен мүмкүнчүлүк берүү. Иш-чарада соода борборлорунда, дүкөндөрдө, унаа жуучу жайларда жана башка жерлерде иштеген балдарды аныктоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жашы жете элек 25 өспүрүм ата-энелеринин жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда аныкталды", - деп билдиришти райондук милициядан.
Ошондой эле алардын ата-энелерине, мыйзамдуу өкүлдөргө, туугандарына түшүндүрүү жана алдын алуу боюнча баарлашуу өткөрүлдү.
Ленин РИИБи жарандарды балдар эмгегин колдонбоого жана балдардын билим алуусуна, айрыкча окуу мезгилинде тоскоолдук кылбоого чакырат.
Бишкекте жашы жете электер арасында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү

