super.kg logo

Ысык-Көл ОИИБи жол эрежелерин бузган фактылар боюнча WhatsApp тынымсыз байланышын ачты

 

Ысык-Көл ОИИБи жол эрежелерин бузган фактылар боюнча WhatsApp тынымсыз байланышын ачты.

Жаӊы окуу жылы башталгандан тарта кызматкерлер жергиликтүү тургундар арасында өспүрүмдөрдүн жеке коопсуздугун сактоо жана кырсыктардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургундар кайрылышып, айрым айдоочулар жол эрежелерин сактабагандыктан улам өз балдарынын коопсуздугуна кабатыр болуп жаткандыгын билдиришкен. Алардын кайрылуусун жана кыргыз сегментиндеги социалдык тармактарда акыркы кездери жол эрежелерин одоно бузуу көрүнүштөрү чагылдырылып жаткандыгын эске алуу менен Ысык-Көл ОИИБи ушундай фактыларды милицияга билдирүү максатында WhatsApp тынымсыз байланышын ачты.

WhatsApp тынымсыз байланышына ар кандай жол эрежесин бузуу фактысы боюнча сүрөттөрдү жана видео тасмаларды жиберүүгө болот. Тынымсыз байланыштын номери Каракол шаары боюнча 0709 05 06 56, Ысык-Көл облусу боюнча 0704 07 11 50.

Алынган маалыматтар жол коопсуздугу кызматынын Ысык-Көл облусунун бөлүмүнө жана Каракол шаарынын бөлүмчөсүнө жиберилип, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык тийиштүү чаралар көрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: