Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Кыргызстандык эркин күрөшчүлөр үчүн мелдеш медалсыз аяктады
18-сентябрь күнү Венгрияда күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында эркин күрөш боюнча эркектер арасындагы мелдештер жыйынтыкталды. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынан акыркы болуп килем үстүнө чыккан Иннокентий Иннокентьев биринчи беттеште словакиялык Дан Полинкасты жеңип, 1/16 финалда кубалык Юнески Бланко Морага жеңилип калды. Эркектер арасында жалпы командалык эсепте Кыргызстан 14 упай менен 15-орунду ээледи. Ал эми 1-орунду Иран 46 упай, 2-орунду Орусия 44 упай жана 3-орунду 29 упай менен Грузия командасы ээледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.