Премьер-министр COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө коомчулуктун биримдиги маанилүү экенин айтты
COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө коомчулуктун биримдиги маанилүү. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылдын 10-сентябрында #Сакта #Защити улуттук маалымат кампаниясынын башталышына байланыштуу жарандарга кайрылуусунда айтыларын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өкмөттүн жана өзүмдүн атыман Бириккен улуттар уюмуна жана эл аралык өнөктөштөргө өкмөттүн демилгелерин колдогондугу жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу, ошондой эле пандемиянын кесепеттерин ыкчам жоюу боюнча кечиктирилгис маселелерди чечүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. #Сакта #Защити аттуу улуттук маалыматтык өнөктүктү өткөрүү боюнча сиздердин өз ара аракеттешүүңүздөр жана өнөктөштүгүңүздөр мамлекет үчүн жана биздин өлкөнүн ар бир жараны үчүн маанилүү. Бул кампания мекендештердин өмүрүн сактоого багытталган.
Дал ушул максатта өкмөт, дарыгерлер, жарандык активисттер жана ыктыярчылар күрөш жүргүздү жана күрөшүүдө. Учурда оорунун көрсөткүчтөрү төмөн, бирок вирус дагы деле арабызда, ошондуктан эпидемиологиялык коопсуздук жөнүндө унутпоо керек.
Улуттук маалыматтык программанын жүзөгө ашырылышы өлкө калкына оң таасирин тийгизип, аларды сергек жашоо образына жана ден соолукту сактоонун эрежелерин сактоого үндөйт деп ишенем", - деп айтылат өкмөт башчынын кайрылуусунда.
