Баткенден медицинанын 51 кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти

Баткенден 51 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дарыгерлер бүгүн, 10-сентябрда жөнөтүлдү.
"Баткен облусунун ар кайсы аймактарында коронавирус инфекциясы жайылган учурда оорунун очогунда эмгектенген дарыгерлер эс алуу үчүн Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү. Аларды облус башчысы Алишер Абдрахманов узатып, өмүр сакчыларына ак жол каалады. Белгилей кетсек, медицина кызматкерлери Ысык-Көлдөгү эс алуу пансионаттарынын биринде 7 күн акысыз эс алышат. Дарыгерлердин эс алуусун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюздук уюму уюштурган. Алардын барып келүү жол акысы жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланган", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.