super.kg logo

Кызыл-Кыяда башынан жараат алган Өзбек жараны ооруканада каза болду. Шектүү 30 жашта

 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 36 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарындагы көчөлөрдүн биринде 3-сентябрь күнү жашы 35-40 чамасындагы, кебетеси азиялык болгон жаран денесинен оор жараат алып, Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканасына жеткирилген. Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү ишинде жабырлануучу 36 жаштагы Өзбек Республикасынын жараны экени аныкталган. Ал 3-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарында мас абалда башынан оор жараат алып жерде жаткан. Аны жолдо өтүп бара жаткан жарандар Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Жабырлануучу алган жараатынан улам 4-сентябрга караган түнү каза болгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 30 жаштагы М.Н. аттуу тургунду Кызыл-Кыя шаарындагы үйүндө жашынып жаткан жеринен кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: