Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылууда






Бүгүн, 10-сентябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүн реконструкциялоо долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун маалыматы боюнча аталган трассада авто тыгынды азайтуу максатында Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылып жатат.
Ош шаарына түз кирүүчү жол куруу боюнча иликтөөлөрдүн негизинде адистер тарабынан эки алгылыктуу вариант иштелип чыккан, алар экономика министрлигинин кароосуна жиберилген. Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн негизги транспорттук артериясынын бири болгон Бишкек-Ош автожолунун стратегиялык маанисин белгиледи.
Мамлекет башчысы аталган долбоорду ишке ашыруу автоунаа тыгынын азайтып, жарандардын Ош шаарына кирип-чыгуусун жеңилдетүүгө өбөлгө түзөрүн канааттануу менен белгиледи.
Тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган долбоорду кароону ыкчамдатууга жана жакынкы мезгилде курулуш иштерин баштоого сунуштама берилди.


1 |