super.kg logo

"Кайрымдуулук урналарына дагы акча салган". Забайкалье аймагында эркек киши уурдап алган 800 миң рублун муктаждарга таратты

 

Орусиянын Забайкалье аймагында эркек киши уурдап алган 800 миң рублун (болжол менен 835 миң 683 сом) муктаждарга таратты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери Забайкалье аймагындагы Приаргунск кыштагындагы 23 жаштагы эркек кишини 800 миң рублду уурдап алгандыгы үчүн кармашкан. Анда ал кичи дүкөндүн сейфинен 800 миң рубль суммасында каражатты уурдап чыгып, боорукерлик кылып муктаждарга таратып жиберген.

"Белгисиз адам соода имаратынан 3 ноутбук, 800 миң рублду алып кеткен. Кылмыш ишине шектүү кармалды. Ал 23 жаштагы Приаргунск районунун Новоцурухайтуй айылынын жашоочусу. Ал уурдап алган акчаларды кайырчыларга тараткан. Андан сырткары кайрымдуулук урналарына дагы акча салган. Андан 57 миң рубль алынды", - деп жазылат маалыматта.

Кармалган адам кылмыш кылганын моюнуна алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(2)
10.09.2020. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара ууру эмес турбайбы, бошотуп жиберсин эми счет ачса жетпегенин эл өзү эле топтоп берет.
10.09.2020. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизге керек экен депутат кылабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: