Алмазбек Атамбаев: "Евробиримдикке төрага эмес, мен бардым, анткени алар мени чакырышты"
"Евробиримдикке төрага эмес мен келдим, анткени бул жактан мени чакырышты",- деди президент Алмазбек Атамбаев 18-сентябрда журналисттерге. Өлкө башчысына "эмне үчүн Евробиримдикке парламенттик башкаруудагы өлкө катары спикер келген жок?" деген суроо берилди. "Мен кыларга ишим жок үчүн келген жокмун. Иштешим керек, 4 жыл президенттик мөөнөтүм калды. Кийин менден сурашат. Бул кимдир бирөөгө жагабы, жакпайбы мен иштей берем",- деди өлкө башчы. Ал эми оппозициянын аракеттери тууралуу буларды айтты: "Ал адамдар мурда кайда иштегенин, кандай иштерди кылганын, кантип уурдашканын карап чыккыла. Мен алардын уурдашына жол бербейм, ошондуктан аларга жакпайм".
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

