АФК Кубогу-2020: Коронавирус пандемиясынан улам "Дордой" клубунун катышуусундагы оюндар быйыл болбойт
АФК (Азия футбол конфедерациясы) Кубогунун тайпалык баскычындагы бишкектик "Дордой" футболдук клубу менен болгон оюндар токтотулду. Мындай чечимди АФКнын аткаруу комитети кечээ, 10-сентябрда өткөн отурумда кабыл алды.
"Пандемия кыйынчылыктарды жаратты жана тилекке каршы 2020-жылдагы мелдештин жокко чыгарылышына алып келди”, - деп айтылат билдирүүдө.
АФК Кубогунда өлкө чемпиону болгон "Дордой" футболдук клубу түркмөнстандык "Алтын-Асыр" жана тажикстандык "Истиклол", "Худжанд" командалары менен бир тайпада жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.