super.kg logo

Пара талап кылуу беренеси менен кармалган Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкери ишинен бошотулду

 

Пара талап кылуу беренеси менен кармалган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине карата жүргүзүлгөн иликтөө аяктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан бүгүн, 11-сентябрда кабарлашты.

"Ички иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 4-сентябрда 326-берене "пара талап кылуу" боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын кызматкери Н.уулу С. 1000 доллар пара алып жаткан жеринен Финпол жана УКМКнын өздүк коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, УКМКнын кызматкери Н.уулу С. ээлеген кызматынан бошотулду. Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү Финполдун тергөө органдары жүргүзүүдө.

Бул кылмыш иши Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана Финполдун жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: