Ош. Облуста жол кырсыктарын кыскартуу максатында "Үгүт жүрүш" аттуу рейд жүрөт
20-сентябрда облустагы Жол-кайгуул кызматы облустун бардык аймактарында "Үгүт жүрүш" аттуу рейд уюштурат. Муну аталган мекеменин басма сөз катчысы Азизилло Пазылов билдирди. Рейдде жол кырсыгынан жараксыз абалга келген автоунааларды оор жүк ташуучу авто-унааларга жүктөп алып облустун бардык аймактарын кыдырып жолдо жүргөн айдоочуларга көрсөтүп чыгышат.
"Рейддин максаты - жол кырсыгын азайтуу. Жол кырсыгынан талкаланган унааларга кишинин макетин жасап отургузуп, алар ар кандай түстөр менен боёлот да, эгер айдоочу жол эрежесин сактабаса, кесепети ушундай болорун эскертебиз",- деди Пазылов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















