super.kg logo

Ийгиликтүү айылдык айымды кандай сүрөттөйсүз? Бул темада блогер, журналисттерге сынак жарыяланды

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги журналисттер жана блогерлер арасында “Ийгиликтүү айылдык айым” темасындагы медиаматериалдарга сынак жарыялайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, сынакка ишкердүүлүк, саясат менен алектенген, кызмат орундарын ээлеген, жигердүү жана натыйжалуу үй чарбасын жүргүзгөн, жумушчу орундарын түзгөн, таланттарын өнүктүргөн, инновациялык ыкмалар менен акча табуунун жолдорун жайылткан айылдык аялдардын образын чагылдырган материалдар кабыл алынары айтылат.

  1. Сынактын максаты:
  • айылдык аялдардын позитивдүү образын жаратуу;
  • жетекчи, ишкер айылдык аялдардын позитивдүү образын жаратуу;
  • айылдык аялдардын билим деңгээлин, экономикалык жигердүүлүгүн жогорулатууга жана акы төлөнүүчү жумуш менен камсыз болууга түрткү берүү;
  • айылдык аялдарга карата стереотиптерди жоюуга колдоо көрсөтүү;
  • гендер жана майыптык өңүтүндө сезгич лексиканы колдонуу жана жайылтуу.

Сынактык материалдарды жасоо үчүн министрликтин сайтындагы айылдык аялдарга жана майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптерди аныктоо боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары жана кыргыз, орус тилдериндеги инфографикалык маалыматтар менен таанышып алууга болору маалымдалат.

  1. Сынактын катышуучулары

Сынакка жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана медиа материалдардын түрүнө карабастан бардык (теле көрсөтүүлөр, радио материалдар, подкасттар, макалалар, блогдор, видео блогдор) кыргыз жана орус тилиндеги журналисттик материалдардын жана блогдордун авторлору катыша алышат. Сынакка гезит беттеринде, социалдык тармактарда, интернет басылмалардын веб-сайттарында, блог платформаларында жарыяланган же өлкөнүн телерадио каналдары аркылуу берилген материалдар кабыл алынат. Учурдагы пандемия шартына байланыштуу, заманбап онлайн технологиялардын жардамы менен дистанциялык негизде жасалган материалдар дагы сынакка бирдей укукта катыша алат.

  1. Сынактын катышуучулары төмөнкү материалдарды жөнөтүүсү керек:
  • өзү тууралуу маалымат (аты-жөнү, иштеген жери, байланыш телефону);
  • 2020-жылдын 10-майынан 1-октябрына чейин жарыяланган же эфирге чыккан сынактын темасындагы бирден үчкө чейинки медиаматериалдар;
  • ар түрдүү веб-ресурстарда (вебсайт, социалдык тармак, Youtube блог платформалары жана башка) жайгаштырылган материалдардын шилтемелери;
  • Youtube каналдарына же башка веб-ресурстарга жайгаштырылган теле жана радио материалдардын шилтемелери, кыскача маалыматы (автору, эфирге чыккан датасы, ЖМКнын аталышы, хронометражы);
  • гезит журналдарга чыккан материалдардын скан-версиясы жана ошол эле материалдардын социалдык тармактардагы же башка веб ресурстардагы шилтемелери, кыскача маалыматы (автору, жарыяланган датасы, ЖМКнын аталышы).

Сынака катышуу үчүн материалдардын скан версиясын же шилтемелерин competition.kg@gmail.com электрондук почтасына “Ийгиликтүү айылдык айым” сынагы үчүн деген тема коюп жөнөтүү керек. Кошумча суроолорду ушул почтага жазып жооп алса болот.

4. Сынактын номинациялары:

Эң мыкты журналисттик эмгек

1 орун – Ноутбук

2 орун – Букридер

3 орун – Мобильдик телефон

Кызыктыруучу сыйлыктар

Эң мыкты блог

1 орун – Ноутбук

2 орун – Букридер

3 орун – Мобильдик телефон

Кызыктыруучу сыйлыктар

5.Тандоонун критерийлери:

– сынактын темасына, максаттарына жооп бериши;

– журналистиканын этикалык нормаларына, профессионалдык стандарттарына туура келиши;

– маалыматтын ар тараптуулугу, тереңдиги;

– материалды чагылдыруунун оригиналдуулугу;

– аудиторияга таасирдүүлүгү.

Уюштуруучулар сынакка келип түшкөн материалдарды таратууга, басып чыгарууга укуктуу. Сынактык материалдарды таратууда авторуна жана ЖМКсына шилтеме берилет. Сынактын акыркы мөөнөтү – 1 октябрь 2020-жыл, саат 17:00гө чейин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: