super.kg logo

Алмамбет Шыкмаматов: “Оппозициялык партияларга добуш бериңиздер”

 

“Добуш үчүн акча тараткандар – элдин душманы!” Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов Нарын облусунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, добуштарын саткандар эки эсе жарды болгон абалга кептелет.

“Бийликтин партияларына добуш бербеңиздер! Алар ансыз деле паспортторду чогултуп, административдик ресурсту колдонуу менен элге басым жасап, №2 форма аркылуу добуштарды сатып алып жатышат. Эгер бийликке оппозиция барбаса, парламент накта “чимкириктердин” уюгу болот”, – деди Шыкмаматов.

Ал ошондой эле элди оппозициялык партияларга добуш берүүгө чакырды.

“Шайлоо алдында мектеп оңдоп, стадион кургандар бийликке келгенде короткон акчасын 4-5 эсеге көбөйтүп алышат. Ал эми добушун саткандар эки эсе жарды болушат. Ошондуктан “Бир Бол” сыяктуу оппозициялык партияларга добуш бериңиздер”, – деди Алмамбет Шыкмаматов.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 11-сентябрь, 2020-жыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: