super.kg logo

Салык кызматы: "Жарандар 10 күндүн ичинде 158 миллион сомдон ашык транспорт салыгын төлөштү"

 

Жарандар 10 күндүн ичинде 158 миллион сомдон ашык транспорт салыгын төлөштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

"Жыл башынан бери жалпы 685 миллион сомдон ашык транспорт салыгы чогултулган. Мыйзамга ылайык, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары ар бир кечиктирилген күн үчүн административдик айып жана туум төлөөгө мажбур болушат. Жеке жактар үчүн айыптын өлчөмү 1000 сомду, юридикалык жактар үчүн – 5000 сомду түзөт. Унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаганына карабастан, бул салыкты башкаруу дагы да улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

Салык кызматы транспорт салыгын төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлерин туумдун көп эсептелбеши үчүн салыкты төлөөгө чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: