Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Түркиядагы эл аралык мелдеште экинчи жеңишине жетти
Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина экинчи жеңишине жетти. Бул ирет Палкина жалгыз ойноодо румыниялык Николета-Каталина Даскалуну 6:2, 6:3 эсебинде утуп, жалгыз ойноодо мелдешетин 1/8 финалына жолдомо алды. 1/8 финалда Палкина таиланддык Камонван Буаямга каршы беттешмекчи. Эске салсак, буга чейин Ксения Палкина ушул эле мелдештин алкагында жупта ойноодо чейрек финалга жолдомо алган. Мелдеш 22-сентябрга чейин уланат. Байгеси 10 миң доллар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.