super.kg logo
  Саясат  

Депутат Урмат Аманбаева Мамлекеттик каттоо кызматындагылар жакшы иштебей жаткандыгын билдирди

 

Бүгүн, 19-сентябрда ЖКнын жыйынында депутат Урмат Аманбаева Мамлекеттик каттоо кызматындагылар жакшы иштебей жаткандыгын билдирди. Айтымында,  ата-энелер жаңы төрөлгөн балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатышыптыр. “Жарандар паспорт ала албай жатышыптыр. Бул эмне деген маселе? Биз кайсы заманда жашап жатабыз? Иштей алышпаса кызматкерлерди кетирүү керек. Эмне паспорт берүүгө кагаз жок болуп жатабы? Паспорт берүүнү ИИМдин карамагына өткөрүү керек. Өкмөт бул маселени чечпесе, анда тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизели”,- деди Аманбаева. Ошондой эле эл өкүлү кош бойлуу энелерге тиешелүү медициналык кароодон өтүү көйгөй жаратып жаткандыгын кошумчалады. “Эненин ден соолугу жакшы болсо, балдардын да ден соолугу чың болот. Миграциядан келген кыз-келиндер ооруканаларга кайрылбай жатышыптыр”,- деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: