"Инимди 5-6 бала сабап, жылаңачтап, тоноп, өлтүрөбүз деп коркутушкан" дейт интернет колдонуучу. Бул боюнча Ош ШИИБинин жообу
Фейсбук социалдык тармагынын Тима Умаров аттуу колдонуучусу инисин белгисиз 5-6 бала ур-тепкиге алганын жазып чыкты. "Салам туугандар. Ош шаарында биздин инибиз Н.ны 5-6 бала белгисиз себептер менен ур-тепкиге алган. Алар инимди күчкө салып, зордоп унаасына салып, каналга алып барып өлтүрөбүз деп коркутуп, бут кийимдерин чечип жылаңачтап, акчасын тоноп таштап кетишкен. Окуя Ош шаарынын Кыргыз драма театрынын жанында 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү саат 00:00 чамасында болгон. Ушул окуяны көргөн адамдар болсо зөөкүр балдарды таап, жазасын берүүгө жардам сурайбыз", - деп жазган ал.Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан бул окуяны тастыктап, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдиришти.
"Бизге билдирүү келип түшөөрү менен ыкчам топ окуя болгон жерге барган. Учурда шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталып, кармоо иш-чаралары жүрүүдө. Ал эми 24 жаштагы жабырлануучуга бардык тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдирет басма сөз катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-12-20
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Зоокурлор жазасын алышсын