Ички дүң продукциянын көлөмү өткөн жылдын январь-август айларынын деңгээлинен 7,6 пайызга төмөн
Ички дүң продукциянын көлөмү өткөн жылдын январь-август айларынын деңгээлинен 7,6 пайызга төмөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ички дүң продукциясы 2020-жылдын январь-август айларынын аралыгында алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 5,9 пайызга төмөндөө менен 335,3 миллиард сомду түздү. "Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продукциянын көлөмү өткөн жылдын январь-августунун деңгээлинен 7,6 пайызга төмөндөө менен 292,6 миллиард сом өлчөмүндө түзүлдү.
Ички дүң продукциянын өсүү темпинин төмөндөшү, негизинен, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнө байланыштуу болду. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу төмөндөөсү 99,2 пайызды (2019-жылдын январь-августунда - 110,8 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 90,2 пайызды (2019-жылдын январь-августунда – 102,5 пайыз) түздү.
Ички дүң продукциянын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына (46,5 пайызы) туура келди. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,9 пайыздык пунктка төмөндөдү, товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 4,9 пайыздык пунктка көбөйдү жана 42,7 пайызды түздү. Өнөр жай тармагынын үлүшү 23,0 пайызды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,1 пайыздык пунктка жогору. Айыл чарба тармагынын үлүшү 12,9 пайызды түзүү менен 1,2 пайыздык пунктка өстү, ушул эле учурда курулуштун үлүшү 0,4 пайыздык пунктка азаюу менен 6,8 пайызды түздү.
