Жалал-Абад облусу боюнча быйыл 34 чакырым ички жолдор оңдолду





Премьер-министр Кубатбек Боронов Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы ички жолдорду реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Премьер-министр район борборлорундагы ички жолдорду оңдоо аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында жүзөгө ашырылып жатканын белгиледи.
"Президенттин аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгесине ылайык, райондордун борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор республикалык бюджеттин эсебинен оңдолууда. Бул багыттагы иштерде олуттуу жылыштар бар. Заманбап жол-транспорттук инфратүзүмсүз экономиканын керектүү темпин өстүрүү мүмкүн эместигин мезгил көрсөтүүдө. Ички жолдорду сапаттуу жана өз учурунда бүткөрүү өлкө аймактарынын экономикалык жигердүүлүгүн жандандырууга шарт түзөт", - деди өкмөт башчы.
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында 5 көчөнүн жолу реконструкцияланды. Натыйжада каттамдар кеңейтилип, кум, шагыл төшөлүп, асфальтталды. Учурда белгилерди орнотуу жана жол чиймесин чийүү иштери жүрүп жатат. Район борборундагы жолдор 1980-1985-жылдары курулган, андан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.
Аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында район борборлорунда жылына үч чакырымдан кем эмес ички жолдор республикалык бюджеттин каражатына реконструкцияланууда. Жалпы Жалал-Абад облусу боюнча быйыл 34 чакырым ички каттам оңдолду.


1 |