super.kg logo

Быйыл январь-август айларынын аралыгында Кыргыз өлкөсүнүн экономикасы 5,9 пайызга төмөндөгөн

 

Ички дүң продукт 2020-жылдын январь-июнь айларында алдын ала баалоо боюнча 335 миллиард сомдон ашты жана 2019-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 5,9 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, “Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда январь-августта ИДПнын көлөмү 293 миллиард сомду түзүп, 7,6 пайызга азайды.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү ушул жылы январь-август айларынын аралыгында 205 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 0,1 пайызга жогорулады, бул өсүш фармацевтикалык продукциянын көлөмүнүн көбөйүшүнө (2,5 эсеге), химиялык продукциянын (17,9 пайызга), жер астынан казылган баалуу металлдардын (9,8 пайызга), унаа менен анын шаймандарын эске албаганда темир жана даяр темир буюмдарынын (11,6 пайызга) көбөйүшүнүн эсебинен болду.

Ошондой эле курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү - 7,8 пайызга азайды, дүң жана чекене соода тармагы - 14,9 пайызга төмөндөсө, дүң жана чекене соода тармагында 17,2 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү.

Ушул эле убакыт аралыгында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2,2 пайызга өстү, бул тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктар (4,2 пайыз), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары (5,8 пайызга), кызмат көрсөтүүгө – 0,1 пайызга бааларынын өсүшү менен шартталды. Ушул эле учурда, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу ушул жылдын август айында азык-түлүк эмес товарлардын баалары 0,7 пайызга төмөндөдү.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды (5,4 пайыз). Бул башка региондорго салыштырмалуу баалардын тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (12,1 пайызга) көбүрөөк жогорулаганы менен шартталды.

Кыргыз өлкөсүнүн товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2020-жылдын январь-июль айларында 3 миллиард доллардан ашты жана 2019-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 21,7 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 1,7 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 31,3 пайызга кыскарды.

Ушул эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр - 23,5 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр - 16,2 пайызга төмөндөдү. Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга (66,7 пайызы) жана Казакстанга (31,3 пайызы) туура келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: